Японияда жумушка орношуу үчүн япон тилинин интенсивдүү курсуна кабыл алуу башталат

28 Май 2026
Японияда жумушка орношуу үчүн япон тилинин интенсивдүү курсуна кабыл алуу башталат

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борбору япон өнөктөштөрү жана MARPOL компаниясы тарабынан уюштурулуп жаткан, Японияда иштөөгө кызыкдар жарандар үчүн япон тилинин интенсивдүү курсуна кабыл алуу башталгандыгын маалымдайт.

Учурда Японияда чет элдик жумушчуларга, өзгөчө мейманкана, туризм жана тейлөө тармактарында суроо-талап жогору бойдон калууда. Япон тилин билген, кардарлар менен иштей билүү көндүмдөрүнө ээ жана ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылган талапкерлер абдан талап кылынат.

Курстун программасында төмөнкүлөр каралган:

  • JLPT жана NAT-Test сынактарына даярдоо;
  • Tokutei Ginou сынагына даярдоо;
  • Япониялык иш берүүчүлөр менен маектешүүлөргө даярдоо;
  • Япон тилинин интенсивдүү курстары;
  • Японияда жумушка орношуу маселелери боюнча консультациялык колдоо көрсөтүү.

📝 Өтүнмөлөрдү кабыл алуунун болжолдуу аяктоочу күнү: 2026-жылдын 12-июну

📅 Курстун болжолдуу башталуучу күнү: 2026-жылдын 15-июну

 

Толук маалымат

 

Талапкерлерге коюлган талаптар

  • Жашы 18ден 35 жашка чейин;
  • Японияда жумушка орношууга кызыкдар болуу;
  • Япон тилин олуттуу түрдө үйрөнүүгө даяр болуу;
  • Күндүзгү (офлайн) сабактарга катышуу мүмкүнчүлүгү.

📍 Өткөрүлүүчү орду: Бишкек ш.

 

🔗 Анкета толтуруу үчүн шилтеме

150 талапкерге жеткен учурда каттоо АВТОМАТТЫК ТҮРДӨ жабылат.

 

📩 Өтүнмө берүү үчүн байланыштар:

  • Компания: MARPOL
  • 📞 Телефон: +996 703 663 663 (WhatsApp)
  • Байланыша турган адам: Асел