Борбордун кызматкерлеринин Улуу Британияга иш сапары

21 Февраль 2024
Борбордун кызматкерлеринин Улуу Британияга иш сапары

13-февралдан 16-февралга чейин Борбордун кызматкерлери ар кайсы өлкөлөрдөн келген сезондук жумушчуларды уюштурган Улуу Британиянын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген Pro Force операторунун чакыруусу менен Улуу Британияда болушту.

 

Иш сапардын максаты - мындан аркы кызматташууну талкуулоо, 2023-жылдын жыйынтыгын чыгаруу жана сезондук жумушчулар программасы боюнча үстүбүздөгү жылдын пландарын талкуулоо.

 

Иш сапардын жүрүшүндө Борбордун кызматкерлери Улуу Британияда сезондук жумушчулар программасынын алкагында фермаларда иштеп жаткан жарандарыбыздын иштөө, жашоо жана социалдык камсыздоо шарттары менен таанышты. Ошондой эле борбордун кызматкерлери мекендештерибиз менен баарлашып, алардын Улуу Британияда иштөөдөгү көйгөйлөрү, каалоо-тилектери жана алган таасирлери менен таанышты.

 

Иш сапардын жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Pro Force оператору Кыргызстандын 1600 жаранына катталууга жана тандоого, андан кийин мезгилге жана суроо-талапка жараша Улуу Британияда 3 айдан 6 айга чейин жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн берди.