Үстүбүздөгү жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу Борборунун жетекчилиги Италия Республикасынын делегациясы менен жолугушту

15 Сентябрь 2023

Жолугушуунун алкагында кызматташуунун жана Италиядагы Айыл чарба жумуштарына, анын ичинде мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү, тейлөө жана туризм тармагына жумушчу ресурстарды тартуунун маанилүү маселелери талкууланды.

Делегация ошондой эле сүт, сыр ж. б. өндүрүү боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Өнөктөштөр тарабынан социалдык пакет, турак жай, мыйзамдуу негизде болуу жана медициналык камсыздандыруу боюнча сунуштар маанилүү болду. Алар ошондой эле 1200 евродон ашык эмгек акы алуу мүмкүнчүлүгүн айтышты, негизинен жубайлар үчүн жумуш.

Потенциалдуу талапкерлер үчүн иш берүүчүлөр өлкөгө көчүп келгенден кийин итальян тили жана маданияты боюнча билим берүүгө даяр.

Талапкерлердин жаш курагы 18 жаштан 50 жашка чейин болушу керек.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу маселелери талкууланды, бул өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Бул сүйлөшүүлөр Италия Республикасында жумушка орношууну каалаган жарандар үчүн жаңы перспективаларды ачат.