Ишембилик уланууда: шаарыбызды биргеликте таза кылабыз!

13 Апрель 2024
Ишембилик уланууда: шаарыбызды биргеликте таза кылабыз!

Мамлекет башчысынын “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” жарлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жана Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгын жамааты ишембилик өткөрдү.

 

Ишембилик - айланаңыздагы дүйнөнү таза жана кооз кылуунун дагы бир жолу.

 

Бүгүн, 13-апрелде Борбордун кызматкерлери Молодежный паркынын аймагын жана Махатма Ганди Касымалы Баялиновго жанаша жайгашкан көчөлөрдү тазалоо иштерин жүргүзүштү.

 

Мындай иш-чаралар бизди курчап турган дүйнөнү иретке келтирип гана тим болбостон, жамааттын рухунда да жогорулатат. Ишембиликке катышкандардын баарына ыраазычылык билдиребиз, биргелешип шаарыбызды жакшыртабыз!