Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Түркиянын «Kariyer.net elektronik yayincilik ve iletisim hizmetleri a.s.» (Hirepont) компаниясы менен кызматташуу жөнүндө келишимге кол койду

25 Декабрь 2025
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Түркиянын «Kariyer.net elektronik yayincilik ve iletisim hizmetleri a.s.» (Hirepont) компаниясы менен кызматташуу жөнүндө келишимге кол койду

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору (мындан ары-Борбор) Түркия Республикасынын «Kariyer.net elektronik yayincilik ve iletisim hizmetleri a.s.» («Hirepont») компаниясы менен кызматташуу жөнүндө келишимге кол койду.

Кол коюлган келишим эмгек миграциясы тармагында эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын Түркия Республикасында туристтик тармакта ишке орноштурууда ыңгайлуу, коопсуз жана ачык шарттарды түзүүгө багытталган. Тараптар бул кызматташтыктын ишке ашырылышы мыйзамдуу ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, социалдык кепилдиктерди камсыздоого жана Кыргызстандын жарандардын укуктарын коргоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.

Келишимдин алкагында жарандарды тандоо, ишке орноштуруунун бардык этаптарында коштоп жүрүү боюнча биргелешкен программаларды ишке ашыруу, ошондой эле талапкерлерге маалыматтык-консультациялык колдоону өнүктүрүү каралган.