Кыргыз Республиксынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Ош шаарында EPS Tоpiс программасынын алкагында тестирлөөнүн биринчи этабы башталгандыгын билдирет

24 Апрель 2024
Кыргыз Республиксынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Ош шаарында EPS Tоpiс программасынын алкагында тестирлөөнүн биринчи этабы башталгандыгын билдирет

Кыргыз Республиксынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору EPS борбору менен биргеликте Корея Республикасына жумушка орношуу үчүн корей тилин билүү деңгээлин аныктоо максатында тестирлөө жүргүзүүдө.

 

Борбордун жетекчилиги 2023-жылы облустун миграциялык активдүүлүгү жогору болгондугуна байланыштуу Ош шаарында корей тилин билүү боюнча тестирлөө өткөрүү боюнча EPS борборунун жетекчилиги менен макулдашууга жетишкен. Бул чечим корей тили сынагынан өтүүнү каалаган көптөгөн жарандар үчүн транспорттук жана башка чыгымдарды үнөмдөйт.

 

Бүгүн, 24-апрелде тестирлөөнүн биринчи этабы Ош шаарында башталды, ал эки бөлүктөн турат - ар бири 20 суроодон турган угуу жана окуу. Сынактын узактыгы 50 мүнөт (угуу – 20 мүнөт, окуу – 30 мүнөт). Өтүү балы Корея Республикасынын Адам ресурстарын өнүктүрүү кызматы аныктайт.

 

Сыноонун ийгиликтүү аякташы келишим түзүүгө кепилдик бербейт. Тесттен ийгиликтүү өткөн жарандар гана Корея Республикасынын иш издөөчү катары маалымат базасына кирүү үчүн арызды толтурууга укуктуу. Эгерде бул базадан талапкерди иш берүүчү тандап алса,  эмгек келишим сунушталат, бул Кореяга эмгек визасын алуу мүмкүнчүлүгүн ачат.

 

Тесттин биринчи этабынын жыйынтыгы 17-майда сайтка жарыяланат.

 Экинчи этаптын SKILLS-TEST сынагынын алдын ала датасы 25-26-май.