Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жалпы кыргызстандыктарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайт!

29 Декабрь 2023
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жалпы кыргызстандыктарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайт!

Урматтуу мекендештер!

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм !

 

Өтүп бара жаткан жыл көптөгөн кызыктуу окуяларды, чоң долбоорлорду жана жетишкендиктерди алып келди. Бул жылы биз жарандардын чет өлкөдө натыйжалуу жана туруктуу  түрдө ишке орношуусун камсыз кылуу, ошондой эле өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү жана жарандарыбыздын бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча ийгиликтүү иштерди уланттык.

 

2023-жылы күч-аракеттерди бириктирүү алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарууга мүмкүндүк берерин далилдеди. Жөнгө салынган кызматташтык келерки жылы белгиленген пландарды дагы ийгиликтүү ишке ашырууга мүмкүндүк берет деп ишенем.

 

Борбордун башкы максаты - Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн коопсуз жана легалдуу миграция үчүн бардык шарттарды камсыз кылуу.

 

Алдыда жаңы иштердин, кызыктуу долбоорлордун жана жетишкендиктердин мезгили турат. Бардык иш-аракеттериңиздерди ийгиликтер коштосун, ал эми жаңы жыл ийгиликтүү жана жемиштүү, кубанычтуу окуяларды алып келсин. Сиздерге жана жакындарыңыздарга чын жүрөктөн ден соолук, жакшы маанай жана бардык жакшылыктарды каалайм.

 

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Бактыбек Кудайбердиев.