Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору «Адилеттүү жумушка алуу» деген темада семинар өткөрдү

11 Апрель 2024
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору «Адилеттүү жумушка алуу» деген темада семинар өткөрдү

Бүгүн, 11-апрелде “Парк Отелде”  жеке ишке орноштуруу агенттиктери үчүн семинар болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан өнөктөштөрү Солидарити борбору жана «Инсан Лейлек» коомдук фондунун колдоосунда, адилеттүү жумушка алуунун процесстерин талкуулоо жана жайылтуу максатында уюштурулду. 

 

Семинар адилеттүү жалдоонун негизги аспектилери боюнча диалог үчүн эксперттерди жана жеке сектордун өкүлдөрүн чогултту. Семинарда адилетүү иш менен камсыз кылуунун аныктамасы, анын эмгек рыногу үчүн мааниси козголуп, аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон негизги мүнөздөмөлөр жана мыйзамдык база талкууланды.

 

Семинардын катышуучулары негизги укуктук инструменттерди, акыйкат иш менен камсыз кылуунун негизги элементтерин, ошондой эле бул тема боюнча Эл аралык эмгек уюмунун жалпы принциптерин жана көрсөтмөлөрүн карап чыгышты. Эмгек рыногундагы кырдаалдын өзгөрүшүнө жана кадрларды тандоодо негизги катышуучулардын ролуна жана жоопкерчилигине өзгөчө көңүл бурулду.

 

Семинарда ошондой эле ченемдик укуктук жөнгө салуунун негизги моделдери жана аларды практикада ийгиликтүү колдонуунун мисалдары каралды. Бул иш-чара жумушка алуунун адилеттүү жана ачык-айкын процесстерин түзүүгө карай олуттуу кадам болду, бул өз кезегинде эмгек шарттарын жакшыртууга жана жумушчулардын укуктарын коргоого жардам берет.