- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Skills-Test тестирлөөнүн экинчи этабынын өткөрүлөрүн жарыялайт /
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Skills-Test тестирлөөнүн экинчи этабынын өткөрүлөрүн жарыялайт
2026-жылдын 30–31-май күндөрү Бишкек шаарында корей тилин билүү боюнча сынактын биринчи этабынан ийгиликтүү өткөн жарандарүчүн Skills-Testтин экинчи этабы өткөрүлөт.
Тестирлөө өткөрүлүүчү дарек:
Бишкек шаары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу №99 Маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи (Горький көчөсү, 18) - өткөрүү графиги бекитилген тизме боюнча жүргүзүлөт. (https://2gis.kg/bishkek/firm/70000001019348944)
Кыргыз Республикасынын жарандары тестке жалпы жарандык (загран) паспорту менен гана киргизилет.
ID паспорт, «Түндүк» тиркемесиндеги документ же телефондогу сүрөттөр кабыл алынбайт.
Тесттин графиги:
- Датасы жана убактысы алдын ала бекитилген графикке ылайык өткөрүлөт.
- Катышуучу белгиленген убакытка кечиксе, тестке киргизилбейт.
Кошумча балл алуу мүмкүнчүлүгү:
Өндүрүш тармагына тиешелүү диплом, сертификат, эмгек китепчеси жана башка документтери бар талапкерлер кошумча балл ала алышат. (Skills-Test күнү алып келүү зарыл)
Жогорудагы аталган документтерди 2026-жылдын 18-майынан 21-майына чейин төмөнкү электрондук почтага жөнөтүү керек: employment.kg.kor@gmail.com
Кошумча баллдар төмөнкүдөй берилет:
- Өндүрүш тармагына тиешелүү орто атайын же жогорку билим тууралуу диплом - 1 балл
- Кесиптик квалификацияны тастыктаган сертификаттар - 1 балл
- Өндүрүш тармагындагы иш тажрыйбасын тастыктаган документтер (эмгек китепчеси ж.б.) - 3 балл
⚠️ Маанилүү: берилген бардык документтер түздөн-түз өндүрүш тармагына тиешелүү болушу керек. Кесиптик жөндөмдөрдү баалоо бардык керектүү документтердин түп нускасын тапшырган талапкерлер үчүн гана жүргүзүлөт.