Бишкекте жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин өкүлдөрү үчүн тренинг өттү

03 Октябрь 2026
Бишкекте жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин өкүлдөрү үчүн тренинг өттү

Бишкек шаарында жарандарды чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орноштурууда маалыматтык колдоонун сапатын жогорулатууга жана жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган тренинг өткөрүлдү.

Иш-чара 2026-жылдын 2-октябрында Эл аралык миграциялык саясатты өнүктүрүү борборунун (ICMPD) жана «Инсан Лейлек» коомдук фондунун колдоосу менен уюштурулду. Тренингге мамлекеттик органдардын жана жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин өкүлдөрү катышты.

Тренингдин жүрүшүндө жарандарды чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орноштуруу, эмгек шарттары, мыйзам талаптары, эмгек укуктары жана милдеттери, ошондой эле мыйзамсыз эмгек миграциясына жана алдамчылык схемаларына байланышкан тобокелдиктерди алдын алуу жана жарандарга кетер алдында берилүүчү окутуулардын сапатын жогорулатуу маселелери каралды.

Өзгөчө көңүл жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин жарандарга так жана ишенимдүү маалымат берүү, ишке орноштуруу процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана жарандардын укуктарын коргоодогу жоопкерчилигине бурулду.

Мындан тышкары, мамлекеттик органдар менен жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин өз ара кызматташтыгын жакшыртуу, тажрыйба алмашуу жана эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди талкуулоо боюнча пикир алмашуу болду.

Тренинг коопсуз, мыйзамдуу жана жөнгө салынган эмгек миграциясын илгерилетүүгө, ошондой эле жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин кесиптик потенциалын жогорулатууга багытталган.