- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Бишкекте Корея Республикасында иштөөнү каалаган талапкерлер үчүн Skills Test сынагы өткөрүлдү /
Бишкекте Корея Республикасында иштөөнү каалаган талапкерлер үчүн Skills Test сынагы өткөрүлдү
2026-жылдын 21-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын жарандарын Корея Республикасына уюшкан тартипте ишке орноштуруу программасынын алкагында өндүрүш тармагын тандаган талапкерлер үчүн тандоо процессинин экинчи этабы - Skills Test сынагы өткөрүлдү.
Сынактын экинчи этабына корей тилин билүү деңгээлин аныктоочу биринчи этаптан ийгиликтүү өткөн талапкерлер катышты. Skills Test талапкерлердин кесиптик жөндөмдөрүн, практикалык көндүмдөрүн жана Корея Республикасында эмгектенүүгө даярдыгын баалоого багытталган милдеттүү этап болуп саналат.
Экинчи этаптын алкагында катышуучулар колдун эпчилдигин, тактыгын жана ылдамдыгын текшерүүгө багытталган практикалык тапшырмаларды аткарып, өз адистиктерине ылайык кесиптик жөндөмдөрү боюнча баалоодон өтүштү. Ошондой эле талапкерлер менен жекече маектешүүлөр жүргүзүлдү.
Тандоо процессинин эки этабынан тең ийгиликтүү өткөн талапкерлер Корея Республикасынын Иш менен камсыз кылуу жана эмгек министрлиги тарабынан жүргүзүлүүчү Бирдиктүү реестрге киргизилет. Реестрге киргизилген талапкерлердин арасынан кореялык иш берүүчүлөр өздөрүнө ылайыктуу кызматкерлерди тандап алышат. Иш берүүчү тарабынан тандалган талапкерге эмгек келишими жөнөтүлүп, ал Корея Республикасында мыйзамдуу негизде эмгектенүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Иш-чарага Корея Республикасынын Иш менен камсыз кылуу жана эмгек министрлигинин Чет өлкөлүк жумушчу күчү боюнча департаментинин жана Адам ресурстарын өнүктүрүү кызматынын (HRDK) өкүлдөрүнөн турган делегация да катышты. Делегация сынактын өткөрүлүшү менен жеринен таанышып, практикалык тапшырмалардын аткарылышына жана талапкерлерди баалоо тартибине байкоо жүргүздү.

