Ош шаарында япон тили боюнча акысыз интенсивдүү курстар башталды

29 Сентябрь 2026
Ош шаарында япон тили боюнча акысыз интенсивдүү курстар башталды

2026-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун Ош шаарындагы кеңсесинде япон тили боюнча акысыз интенсивдүү курстар ачылды.

Курстардын ачылышына Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун, Ош шаарынын мэриясынын, Япондук механизацияланган жер иштеринин ассоциациясынын (JEMCA), «Юник Азия»  иш берүүчү жеке агенттигинин жана Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышышты. Окуучуларга окуу куралдары, китептер жана тиешелүү материалдар тапшырылды. 

Курстар Япониянын курулуш тармагындагы кадрларды даярдоо боюнча коомдук фондунун колдоосу менен Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору, «Юник Азия»  иш берүүчү жеке агенттиги жана Япондук механизацияланган жер иштеринин ассоциациясы (JEMCA) тарабынан уюштурулду. 

Программада 18 жаштан 30 жашка чейинки 30 жаран япон тилин жана япон маданиятын үйрөнүшөт.

Катышуучулар 4 айдын ичинде япон тилин нөлдөн баштап N4 деңгээлине чейин өздөштүрүп, зарыл болгон тил деңгээлин үйрөнүп, мындан аркы окууга, тилдик экзамендерди тапшырууга жана Японияда ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга даярданышат.

Катышуучуларга төмөнкүлөр камсыздалат:

- япон тилин акысыз үйрөнүү;

- акысыз түшкү тамак жана жеңил тамактар;

- кеңсе буюмдары жана окуу материалдары;

- курулуш техникалары боюнча көндүмдөргө акысыз окутуу;

- курсту аяктагандан кийин сертификат берилет.

- Японияда ишке орношуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. 

Курсту аяктагандан кийин катышуучулар Japanese-Language Proficiency Test (JLPT) экзаменине даярдыктарын улантып, Ибараки жана Осака шаарларындагы тил мектептеринде андан ары билим алуу, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн талаптарына жана эмгек миграциясынын учурдагы программаларына ылайык Японияда ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат.