Борбордо табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата кызматкерлерди эвакуациялоо боюнча окутуу жүргүзүлдү

03 Октябрь 2023
Борбордо табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата кызматкерлерди эвакуациялоо боюнча окутуу жүргүзүлдү

Кыргызстанда 2017-жылдан бери жыл сайын 5-сентябрдан 5-октябрга чейин өтүүчү кырсык коркунучун азайтуу күнү белгиленип келет. Ушул күндүн урматына ар кандай мамлекеттик органдар жана уюмдар окутуу эвакуацияларын өткөрүп жатышат.

 

2023-жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнүн алкагында кызматкерлерди окутуу эвакуациясы өткөрүлдү. Саат 10: 00дө бардык кызматкерлер жана жумуш издөөчүлөр эвакуация схемасына ылайык жана сиренанын үнүнөн кийин имараттан чыгышты. Окутууда Борбордун кызматкерлери гана эмес, чет өлкөдө жумуш издөөчүлөр да катышты.

 

Окуу иш-чарасынын жүрүшүндө кооптуу жана авариялык зоналардан өз убагында эвакуациялоонун маанилүүлүгүн, ошондой эле коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоону тааныштырууга багытталган маалыматтык иштер жүргүзүлдү.