- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Япониянын Курулуш көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча жалпы улуттук корпорациясынын (JAC) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү /
Япониянын Курулуш көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча жалпы улуттук корпорациясынын (JAC) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борборунда Япониянын Курулуш көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча жалпы улуттук корпорациясынын (JAC) өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Делегацияны корпорациянын башкаруучу директору Хосака Кенжи мырза жетектеп, аны мекеменин бизнести өнүктүрүү боюнча менеджери коштоп жүрдү. Жолугушууда Япониянын атайын көндүмдөрү бар кызматкерлер үчүн мамлекеттик программасынын (SSW) алкагындаКыргыз Республикасынын жарандарын курулуш секторундагы жумуштарга тартуу боюнча эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнүн перспективалары талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын жарандарын SSW программасына катышууга даярдоо маселелерине, анын ичинде квалификацияны жогорулатуу жана сынактарды ийгиликтүү тапшыруу үчүн кошумча билим берүү жана машыгуу программаларын түзүү зарылдыгына бурулду. Ошондой эле жапондук эмгек рыногунун жогорку талаптарына жооп бере турган курулуш багытындагы кадрларын даярдоо үчүн Кыргыз Республикасында адистештирилген окуу борборлорун ачуу мүмкүнчүлүктөрү талкууга алынды.
Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары эмгек миграциясынын туруктуу мыйзамдуу каналдарын түзүүгө багытталган эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.