Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары "Тайрику-Игирма Групп" ЖЧК филиалынын жетекчилиги менен жолугушту

03 Октябрь 2023
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары "Тайрику-Игирма Групп" ЖЧК филиалынын жетекчилиги менен жолугушту

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда министрдин орун басары Улан Чаначев менен "Тирику-Игарма Групп" ЖЧКсынын Токой Ресурстары боюнча филиалынын жетекчилигинин ортосунда жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз жарандарын филиалга ишке тартууга байланышкан маселелер талкууланды.

 

Токой Ресурстары боюнча "Тирику-Игирма Групп" ЖЧКсынын филиалы Segezha Group холдингдин курамына кирет жана Россиянын ири жыгач өндүрүүчү ишканаларынын бири болуп саналат.

 

Филиал 6 айга чейинки мөөнөттүү жумуш орундарын сунуштайт. Расмий иш менен камсыз кылуу, Россиянын эмгек мыйзамдарынын талаптарына ылайык, ошондой эле социалдык пакет жана кепилдиктерди камсыз кылуу, бул компанияда иштеген негизги артыкчылыктары болуп саналат. Кызматкерлер вахталык вагондо жашашат, ашканада жеңилдетилген баада тамактануу мүмкүнчүлүгү болот. Мындан тышкары, компания иштеген жерине чейин жана андан кайтып келүү үчүн жол кире компенсациясын берет.

 

"Тирику-Игирма Группта" иштөө үчүн ар кандай кесиптеги адистер, анын ичинде автоунаа айдоочулары (тактай ташычуу, трал сүйрөөчү, вахталык автоунаа, бензовоз, самосвал), бульдозер жана экскаватор айдоочулары талап кылынат. Айдоочулук күбөлүктүн тиешелүү категориясына ээ болуу зарыл, бирок окутуу жана квалификацияны жогорулатуу да мүмкүн.

 

Министрдин орун басары Улан Чаначев компаниянын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Россия Федерациясында Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруу жаатында кызматташууну каалагандыгы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди. Ал министрлик ар дайым өнүгүп келе жаткан экономикалар менен кызматташууга умтуларын, ал эми Россия Федерациясы Кыргызстандын жарандарын өлкөдөн сырткары жумушка орноштуруунун негизги багыттарынын бири бойдон кала берерин баса белгиледи.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы дем бере турган жана кыргызстандык жумуш издөөчүлөр үчүн Россия Федерациясында ишке орношууда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштай турган келишимге кол коюшту.