Улуу Британияда сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн каттоонун ачылышы тууралуу маалымат

21 Февраль 2024
Улуу Британияда сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн каттоонун ачылышы тууралуу маалымат

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияга сезондук айыл чарба жумуштарына migrant.kg сайт аркылуу жакын арада онлайн каттоо ачыларын билдирет.


 

Каттоо эртең, 22-февралда саат 14:00дө ачылат жана Улуу Британиянын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген оператор «PRO FORCE» аныктаган өтүнмөлөрдүн керектүү саны толгондо каттоо автоматтык түрдө жабылат.

 

Каттоодон өткөн жарандар үчүн маектешүү 26 жана 27-февралда Бишкекте өтөт.


Ийгиликтүү катталуу үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык (чет өлкөлүк) паспорту жана электрондук почтага кирүү мүмкүндүгү болушу керек.
 


КӨҢҮЛ БУРГУЛА!!! Мурда башка операторлордон ийгиликтүү өткөн жарандар кайра катталбагыла. Эгер катталганынар аныкталса, бардык өтүнмөлөр жокко чыгарылат.

 
Талапкерлердин критерийлери: 18 жаштан 45 жашка чейинки курак, орус тилин билүү, ошондой эле ден соолугу чың жана психологиялык абалы канааттандырарлык болушу керек.
 


Эмгек акы саатына 10,42 фунт стерлинг түзөт. Иштөө сааты аба ырайы, түшүмдүүлук ж.б факторлоруна көз каранды. Жумуш берүүчү жумасына минималдуу 32 саат иш менен камсыз кылууга кепилдик берет.


Визанын баасы £ 298 болорун белгилей кетүү маанилүү, ал эми авиабилеттин баасы учурдагы курска жана сатып алуу убактысына жараша болот. 

 

Эске сала кетсек, тандоону толугу менен «PRO FORCE» оператору жүргүзөт, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору бул процесске катышпайт.


Эскертүү, Улуу Британияга жумушка орноштурууга көмөктөшүү толугу менен акысыз жүргүзүлөт!

 

Улуу Британияга сезондук жумушка ишке орноштурууга акча талап кылган  коммерциялык компаниялардын же үчүнчү жактардын курмандыгы болуп калбаңыз!