Бишкек жана Ош шаарларындагы EPS-TOPIK 2026-ж. корей тили боюнча тестирлөөнүн графиги

07 Октябрь 2026
Бишкек жана Ош шаарларындагы EPS-TOPIK 2026-ж. корей тили боюнча тестирлөөнүн графиги

📅 Бишкек: 2026-жылдын 20-22 октябры
📅 Ош: 2026-жылдын 17 октябры

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги  менен Корея Республикасынын Иш менен камсыз кылуу жана эмгек министрлиги ортосундагы Өз ара түшүнүшүү Меморандумунун алкагында Бишкек жана Ош шаарларында EPS-TOPIK тестирлөөсү өткөрүлөт.

📌 Тестирлөө өтүүчү дареги:


📍 Бишкек ш. : Токтогул көчөсү 237

ТИЗМЕ БИШКЕК


📍 Ош ш. : Н.Исанов көч., 81, (М.М. Адышев атындагы ОшТУ имаратында)

ТИЗМЕ ОШ

 

Тестирлөөгө катышуу үчүн маанилүү маалымат:

✅ Катышууга Кыргыз Республикасынын жарандары гана уруксат берилет жана төмөнкү документтер талап кылынат:

  • Жалпы жарандык паспорттун түп нускасы (ID-паспорт же телефонго тартылган сүрөтү КАБЫЛ АЛЫНБАЙТ).
  • Тестирлөө үчүн төлөм кагазы (28 АКШ доллары).

 

✅Тестирлөөнүн биринчи этабында сынакты ийгиликтүү тапшырган талапкерлер дальтонизм  боюнча кошумча тестирлөөдөн өтүшөт.

⚠ Жалпы жарандык паспорту жок жаран тестирлөөгө киргизилбейт!

 

📅 Графиги: 

  • Катышуучулардын аты-жөнү, тестирлөө күнү жана убактысы тизмелерде көрсөтүлөт.
  • Көрсөтүлгөн убакытка кечиккен катышуучулар тестирлөөгө киргизилбейт.

 

❗ МААНИЛҮҮ: ЭСКЕРТҮҮ

🚦 Тестирлөөнүн өтүүчү жерине жетүү маршрутуңузду алдын ала пландап алыңыз, себеби жол тыгындары болушу мүмкүн.
🔄 Альтернативдүү жолдорду тандап, мүмкүн болгон кечигүүлөрдү эске алуу менен убагында келүүнү камсыз кылыңыз.

📢 Жаңылыктарды биздин расмий сайттан көзөмөлдөңүз: www.migrant.kg ;  Instagram баракчасы info.migrant.kg