Үстүбүздөгү жылдын 13-сентябрында миграция боюнча эл аралык уюмдун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, анда миграция жаатындагы кызматташтык талкууланды

15 Сентябрь 2023
Үстүбүздөгү жылдын 13-сентябрында миграция боюнча эл аралык уюмдун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, анда миграция жаатындагы кызматташтык талкууланды

Үстүбүздөгү жылдын 13-сентябрында миграция боюнча эл аралык уюмдун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, анда миграция жаатындагы кызматташтык талкууланды.

Жолугушуунун демилгесин Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу Гүлнара Баатырова Кыргызстан миграциялык саясат жаатында алдыга койгон артыкчылыктуу милдеттерге басым жасоо менен кабыл алды. Министрдин милдетин аткаруучу эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун, ошондой эле Кыргызстан үчүн өзгөчө артыкчылыкка ээ болгон адам сатууга каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушууда министрдин милдетин аткаруучу баса белгилеген маанилүү жагдай, миграция жаатындагы негизги багыт болгон миграциялык кодексти же бирдиктүү мыйзамды иштеп чыгууну пландаштыруу, ошондой эле климаттын өзгөрүүсүнүн Кыргызстандагы адамдардын мобилдүүлүгүнө тийгизген таасири боюнча изилдөө жүргүзүү зарылдыгы болду.
Министрдин милдетин аткаруучу уюмдун бул чөйрөдөгү алдыңкы тажрыйбасын жана экспертизасын эске алуу менен миграция боюнча эл аралык уюм менен бул багытта активдүү кызматташууга даярдыгын билдирди.

ЭМУнун Түштүк-Чыгыш Европа, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык директору Манфред Профаци Кыргызстандын меймандостугу жана миграция жаатындагы кызматташтыкка активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн жана Улуу Британиядан кайтып келген мигранттарга колдоо көрсөтүү боюнча  иштин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушууда ошондой эле миграция боюнча эл аралык уюмдун министрликке техникалык жардам тапшырылды.