Бүгүн PRO FORCE операторунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

13 Октябрь 2023
Бүгүн PRO FORCE операторунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Улуу Британиянын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу "PRO FORCE” операторунун өкүлдөрү менен жолугушуп, биздин жарандарды сезондук иш менен камсыз кылуу жаатында учурдагы жана келечектеги кызматташууну талкуулашты.

 

Жолугушууга борбордун жетекчилиги жана кызматкерлери жана  "PRO FORCE” операторунун жетекчиси Джеймс Малик катышты. 

Талкуунун жүрүшүндө төмөнкү негизги аспектилер каралды:

1. 2023-жылдын жыйынтыгы: Улуу Британияда сезондук айыл чарба жумуштарына ийгиликтүү ишке орношкон Кыргызстандын жарандарынын санын, 2023-жылдагы кызматташтыктын жыйынтыктары талкууланды.

 

2. 2024-жылга пландар: келерки жылга пландаштырылган кадамдар жана иш-чаралар белгиленди. Кыргызстандын жарандары үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берүү максатында программаны жакшыртуу жана кеңейтүү жолдору каралды.

 

3. Бетме-бет маектешүүлөр: Улуу Британияда сезондук жумушка онлайн катталган жарандар үчүн бетме-бет маектешүүнүн башталышына көңүл бурунду. Маектешүүнүн жол-жоболоруна жана катышуучулар тапшырышы керек болгон документтерге өзгөчө көңүл бурулду.

 

Бул жолугушуу Кыргыз Республикасынын жарандарын Улуу Британиядагы сезондук айыл чарба жумуштарына ийгиликтүү ишке орноштурууну камсыз кылууда жалпы кызыкчылыкты баса белгиледи.