Бүгүн борбордо министрдин орун басары Н. Базарбаев жана министрликтин өкүлдөрү Седжон фондунун делегациясы менен жолугушту " (Корея Республикасы)

15 Сентябрь 2023
Бүгүн борбордо министрдин орун басары Н. Базарбаев жана министрликтин өкүлдөрү Седжон фондунун делегациясы менен жолугушту " (Корея Республикасы)

Жарандарды чет өлкөдө  ишке орноштуруу Борборунда министрдин орун басары Н.Базарбаев жана министрликтин өкүлдөрү Седжон" фондунун (Корея Республикасы) делегациясы менен жолугушту.

 

Бул жолугушуунун максаты-мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулоо жана биздин жарандарга корей тилин акысыз үйрөтүү.

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору чет өлкөдө ийгиликтүү ишке орношуу үчүн шарттарды түзүүнүн үстүндө активдүү иш алып барууда.

 

Корея Республикасына жумушчу күчүн жөнөтүү жана кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун алкагында 16 жылдан бери Кыргыз Республикасынын жарандары Корея Республикасынын ишканаларында ийгиликтүү ишке орношууда. Меморандум күчүндө болгон мезгилде жалпысынан 5 миңден ашык эмгек келишимдери алынган.

 

Меморандумдун мөөнөтү 2022-жылы узартылышы менен биздин жарандар Кореяда иштөөгө жана кошумча көндүмдөрдү алууга, ошондой эле Кореянын маданияты менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

 

Бул жолугушуу жарандарды даярдоонун актуалдуу аспектилерин талкуулоого жана корей тилин сапаттуу окутууну камсыздоого мүмкүнчүлүк берет. Тараптар кыргыз жарандарын Кореяга ишке орноштуруу жаатындагы кызматташтыкты колдоого жана өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

 

Кошумча маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу  Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна (Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 237, www.migrant.kg)