Hops Labor LTD операторун тандоонун үчүнчү этабы: Бетме бет аңгемелешүү

15 Февраль 2024
Hops Labor LTD операторун тандоонун үчүнчү этабы: Бетме бет аңгемелешүү

Улуу Британиядагы сезондук иш программасына катышуу үчүн урматтуу талапкерлер!

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору сиздерге Улуу Британияга сезондук айыл чарба жумушчуларын бош орундарды камсыз кылган Hops Labor LTD операторунун тандоосунун эки этабынан ийгиликтүү өткөндүңөрдү кубануу менен билдирет.

Чет өлкөдө баалуу иш тажрыйбасын алуу үчүн бул уникалдуу мүмкүнчүлүккө кызыгууңуз жана катышканыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Жумушка орношуу процессин аяктоо үчүн сиз Hops Labor LTD операторунун өкүлдөрү менен маектешүүдөн өтүшүңүз керек. Сураныч, төмөнкү маалыматты кунт коюп окуп чыгыңыз:

  • Дата и время собеседования назначены индивидуально для каждого кандидата. Вы можете найти их в приложенном списке. 
  • Маектешүү төмөнкү дарек боюнча өтөт: Аламүдүн райондук С.Чокморов атындагы маданият үйү, Лебединовка айылы, Победы проспектиси, 101. Маршрутуңузду алдын ала пландап, маектешүүгө 15-20 мүнөт калганда келүүнү сунуштайбыз. . Интервьюга кечигип келүү тандооңуздун жыйынтыгына таасир этиши мүмкүн.
  • Маектешүү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы чет элдик паспортунун түп нускасын алып баруу керек. Бул документсиз сиз интервьюдан өтө албайсыз.

 

ТИЗМЕ