Борбор Баткен облусунун тургундары үчүн «Коопсуз миграция кербени» демилгесинин алкагында көчмө жыйындарды өткөрдү

20 Апрель 2026
Борбор Баткен облусунун тургундары үчүн «Коопсуз миграция кербени» демилгесинин алкагында көчмө жыйындарды өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө  ишке орноштуруу борбору Миграциялык саясатты өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун (ICMPD) колдоосу менен Баткен облусунда «Коопсуз миграция кербенин» откорду.    

                                                                                                                                                                        Жолугушуулардын жүрүшүндө Борбордун кызматкерлери расмий түрдө жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө актуалдуу маалыматтарды берип, чет өлкөгө чыгуу тартибин, иштөө жана жашоо шарттарын түшүндүрүп, ошондой эле жарандардын эң көп берилген суроолоруна жооп беришти. Эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, эмгек эксплуатациясынын алдын алуу жана расмий эмгек келишимдерин түзүүнүн маанилүүлүгү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.