Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Ысык-Көл облусунда "Коопсуз миграция кербени" башталганын жарыялайт

11 Октябрь 2026
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Ысык-Көл облусунда "Коопсуз миграция кербени" башталганын жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору (мындан ары — Борбор) Мигранттар үчүн ресурстук борбор менен биргеликте Эл аралык миграциялык саясатты өнүктүрүү борборунун (ICMPD) колдоосу менен Ысык-Көл облусунда «Коопсуз миграция кербенинин» алкагында бир катар иш-чаралар өткөрүлөрүн маалымдайт.

⚠️ Башка облустарда өткөрүлүүчү иш-чаралар тууралуу маалыматты Борбордун Instagram социалдык тармагындагы расмий баракчасынан таба аласыз: @info.migrant.kg.

👥 «Коопсуз миграция кербенинин» алкагында жарандар төмөнкү багыттар боюнча маалымат ала алышат:

🌍 Чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу: Борбордун кызматтары жана мамлекеттик программалардын алкагында ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү.

🇬🇧 Улуу Британияда ишке орноштуруу программасы: ишке орношуу этаптары жана талапкерлерге коюлуучу талаптар.

🇰🇷 Корея Республикасында ишке орноштуруу программасы (EPS): EPS-TOPIK экзамени, ага даярдануу жолдору жана корей тилин билүү деңгээлине коюлуучу талаптар.

📋 Жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктерин текшерүү: агенттиктин тиешелүү уруксат документи бар экендигин кантип текшерүү керек.

🛡️ Алдамчылыктан коргонуу: чет өлкөдө ишке орношууда эмнелерге көңүл буруу керек жана шектүү сунуштарды кантип аныктоого болот.

🇷🇺 Россия Федерациясына кирүүгө тыюу салынганын текшерүү: Россия Федерациясына кирүүгө чектөөлөрдүн бар же жок экендигин, башкача айтканда, «кара тизмеде» бар-жогун кантип текшерүү керек.

📲 Жаңылыктар жана актуалдуу маалыматтар үчүн Борбордун Instagram социалдык тармагындагы расмий баракчасына катталыңыз: @info.migrant.kg.