Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Нарын облусунда "Коопсуз миграция кербени" башталганын жарыялайт

17 Октябрь 2026
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Нарын облусунда "Коопсуз миграция кербени" башталганын жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору (мындан ары — Борбор) Мигранттар үчүн ресурстук борбор менен биргеликте Эл аралык миграциялык саясатты өнүктүрүү борборунун (ICMPD) колдоосу менен Нарын облусунда «Коопсуз миграция кербенинин» алкагында бир катар иш-чаралар өткөрүлөрүн маалымдайт.

⚠️ Башка облустарда өткөрүлүүчү иш-чаралар тууралуу маалыматты Борбордун Instagram социалдык тармагындагы расмий баракчасынан таба аласыз: @info.migrant.kg.

👥 «Коопсуз миграция кербенинин» алкагында жарандар төмөнкү багыттар боюнча маалымат ала алышат:

🌍 Чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу: Борбордун кызматтары жана мамлекеттик программалардын алкагында ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү.

🇬🇧 Улуу Британияда ишке орноштуруу программасы: ишке орношуу этаптары жана талапкерлерге коюлуучу талаптар.

🇰🇷 Корея Республикасында ишке орноштуруу программасы (EPS): EPS-TOPIK экзамени, ага даярдануу жолдору жана корей тилин билүү деңгээлине коюлуучу талаптар.

📋 Жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктерин текшерүү: агенттиктин тиешелүү уруксат документи бар экендигин кантип текшерүү керек.

🛡️ Алдамчылыктан коргонуу: чет өлкөдө ишке орношууда эмнелерге көңүл буруу керек жана шектүү сунуштарды кантип аныктоого болот.

🇷🇺 Россия Федерациясына кирүүгө тыюу салынганын текшерүү: Россия Федерациясына кирүүгө чектөөлөрдүн бар же жок экендигин, башкача айтканда, «кара тизмеде» бар-жогун кантип текшерүү керек.

📲 Жаңылыктар жана актуалдуу маалыматтар үчүн Борбордун Instagram социалдык тармагындагы расмий баракчасына катталыңыз: @info.migrant.kg.