- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Исикава префектурасынын (Япония) өкүлдөрү менен кызматташуунун келечеги талкуулады /
Исикава префектурасынын (Япония) өкүлдөрү менен кызматташуунун келечеги талкуулады
2026-жылдын 29-октябрында Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Япониянын Исикава префектурасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө япон тарап Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарын Японияда ишке орноштуруу жаатындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.
Тараптар мындан аркы кызматташуунун келечегин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарын Исикава префектурасында ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрүн жана бул багыттагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору өз компетенциясынын чегинде япон тарап менен кызматташууну улантуу, эмгек миграциясы жана Кыргыз Республикасынын жарандарын Японияда ишке орноштуруу жаатындагы кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын биргелешип талкуулоо, ошондой эле макулдашылган багыттарды ишке ашыруу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү жөнүндө макулдашты.



