Ысык-Көл облусунда «Коопсуз миграция кербени» өнөктүгү аяктады

19 Октябрь 2026
Ысык-Көл облусунда «Коопсуз миграция кербени» өнөктүгү аяктады

Ысык-Көл облусунда жарандардын коопсуз эмгек миграциясы жана чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу боюнча маалымдуулугун жогорулатууга багытталган «Коопсуз миграция кербени» маалыматтык-консультациялык өнөктүгү аяктады.

Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан Мигранттар үчүн ресурстук борбор менен биргеликте Эл аралык миграциялык саясатты өнүктүрүү борборунун (ICMPD) колдоосу астында өткөрүлдү.

Өнөктүктүн алкагында жарандарга чет өлкөдө расмий ишке орношуу, жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин мыйзамдуулугун текшерүү, эмгек укуктарын коргоо жана алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча консультациялар берилди. Ошондой эле мыйзамсыз ишке орношуунун тобокелдиктерине жана маалыматты расмий булактардан текшерүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Маалыматтык-консультациялык иш-чаралар калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана коопсуз эмгек миграциясын камсыз кылууга багытталган.

Мындан ары «Коопсуз миграция кербени» өнөктүгү Кыргыз Республикасынын башка облустарында да улантылып, жарандарга чет өлкөдө ишке орношуу боюнча актуалдуу маалыматтарды жана консультацияларды жеткирүү максатын көздөйт.