- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Көңүл буруңуз! Мыйзамсыз ишке орноштуруу субъекттерин аныктоо боюнча маалыматтык рубрика /
Көңүл буруңуз! Мыйзамсыз ишке орноштуруу субъекттерин аныктоо боюнча маалыматтык рубрика
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү мыйзамсыз иштерди аныктоого жана алдын алууга багытталган маалыматтык рубриканы улантууда.
Мониторингдин жыйынтыгында Instagram социалдык тармагында "nurpaiz_job", "lavorokg", "siu_visa", "visa_hub.kg", "spekup.kg" аталышындагы аккаунттар Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөгө уюшкан түрдө ишке орноштуруу боюнча уруксат берүүчү документтери жок мыйзамсыз жарнамаларды жарыялап жатышкандыктары аныкталды.
Учурда булар боюнча материалдар укук коргоо органдарга укуктук баа берүү жана колдонуудагы мыйзамдардын алкагында тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлдү.
Борбор жарандарды сак болууга жана чет өлкөгө ишке орношордон мурун агенттиктердин уруксат документтеринин бар экенин алдын ала текшерүүгө чакырат. Мыйзамдуу агенттиктер тууралуу маалымат алуу үчүн жарандар Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна кайрылса же migrant.kg сайтындагы тизмек менен таанышса болот.
Борбор мыйзамсыз агенттиктер мыйзамда белгиленген жол-жоболорду сактабастан жумушка орноштурууну сунуштоо менен жарандардын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч жаратарын, ошондой эле алдамчылык схемаларды колдонушу мүмкүн экенин эскертет.
Эгерде сиз алдамчылыктын курмандыгы болсоңуз, бул тууралуу 1899 телефону аркылуу кабарлаңыз же press@migrant.kg электрондук дарегине маалымат жөнөтүңүз.




