Корей тилин билүү боюнча тестирлөөнүн биринчи этабы ийгиликтүү аяктады
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борбору Кореянын EPS борбору менен биргеликте Бишкек жана Ош шаарларында корей тилин билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөнүн биринчи этабын ийгиликтүү аяктады.
Тестирлөөнүн бардык этаптарында талапкерлерди тандоо Корея Республикасынын Адам ресурстарын өнүктүрүү кызматы (HRD Korea) тарабынан жүргүзүлөт.
Тандоонун кийинки этаптары:
Тестирлөөнүн биринчи этабынын жыйынтыктары Борбордун расмий сайтына жарыяланат. Жыйынтыктарды жарыялоо датасы кошумча маалымдалат.
Тестирлөөнүн экинчи этабы (SKILLS-TEST) алдын ала 2026-жылдын ноябрь айынын ортосуна пландаштырылууда жана Бишкек шаарында өткөрүлөт. Экинчи этапты өткөрүүнүн так мөөнөтү кошумча маалымдалат.
Тестирлөөнүн жыйынтыктары жана тандоонун кийинки этаптары тууралуу актуалдуу маалыматтарды алуу үчүн Борбордун расмий сайтына жана социалдык тармактардагы баракчаларына жарыяланган маалыматтарга көз салып турууну өтүнөбүз.
📱 WhatsApp аркылуу кайрылуулар үчүн:
+996 880 18 99 00
📞 Телефон чалуулар жана WhatsApp аркылуу байланышуу үчүн:
+996 224 550 332
+996 227 550 332
+996 221 550 332
Борбор жарандарга так жана ишенимдүү маалымат алуу үчүн расмий байланыш каналдарын гана колдонууну сунуштайт.
