📢 Жарандарга консультация берүү боюнча кошумча байланыш линиялары
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жарандарга ыкчам консультация берүү үчүн кошумча байланыш каналдары ишке киргизилгенин маалымдайт.
Эми жарандар чет өлкөдө ишке орношуу, эмгек миграциясы, бош жумуш орундары, ишке орноштуруу программалары жана Борбордун ишмердүүлүгүнө байланыштуу башка маселелер боюнча маалымат жана консультация ала алышат.
WhatsApp аркылуу кайрылуулар төмөнкү номер боюнча кабыл алынат:
+996 880 18 99 00
📞 Чалуулар жана WhatsApp
Ошондой эле төмөнкү номерлер боюнча телефон аркылуу жана WhatsApp аркылуу кайрылууга болот:
+996 224 550 332
+996 227 550 332
+996 221 550 332
Борбор жарандарга так жана актуалдуу маалымат алуу үчүн көрсөтүлгөн расмий байланыш каналдарын колдонууну сунуштайт.
Такталбаган маалыматтарга ишенбеңиздер жана Борбордун расмий байланыш булактарын гана колдонуңуздар!