- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Корея Республикасында EPS системасы боюнча мурда иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары албай калган камсыздандыруу төгүмдөрүн кайтарып алышат /
Корея Республикасында EPS системасы боюнча мурда иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары албай калган камсыздандыруу төгүмдөрүн кайтарып алышат
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргыз Республикасынын жарандарына төмөнкүлөрдү маалымдайт: мурда Корея Республикасында EPS системасы (E-9 визасы) боюнча, ошондой эле H-2 визасы менен расмий эмгектенген, бирок өздөрүнө тиешелүү камсыздандыруу төлөмдөрүн ала элек Кыргыз Республикасынын жарандары аталган төлөмдөрдү алуу үчүн кайрыла алышат.
Арыз берүү үчүн төмөнкү документтерди жана маалыматтарды epscenterkg@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүү зарыл.
Керектүү документтер:
- Жалпы жарандык (загран) паспорттун көчүрмөсү;
- байланыш телефону;
- АКШ долларындагы банктык эсептин реквизиттери:
Камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга укуктуу жарандардын тизмеси менен төмөндө таанышсаңыз болот.
Маанилүү!
Эгерде сиз бул тизмеде көрсөтүлгөн жарандарды таанысаңыз, аларга бул маалыматты жеткирип коюуңуздарды өтүнөбүз. Бул алардын өздөрүнө тиешелүү каражаттарын кайтарып алуусуна жардам берет.
Белгилей кетсек, төлөнө турган акыркы сумма Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсуна жараша өзгөрүшү мүмкүн.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү WhatsApp номери аркылуу кайрылсаңыздар болот:
+996 555 729 728
Жарандарды бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өздөрүнө тиешелүү камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга чакырабыз.