Корей тилин билүү деңгээлин аныктоочу тесттин биринчи этабы ийгиликтүү аяктады

20 Апрель 2026
Корей тилин билүү деңгээлин аныктоочу тесттин биринчи этабы ийгиликтүү аяктады

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө  ишке орноштуруу борбору Кореянын EPS борбору менен биргеликте Бишкек жана Ош шаарларында корей тилин билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөнүн биринчи этабын ийгиликтүү аяктады.

Талапкерлердин тесттен өтүү баллын Корея Республикасынын Адам ресурстарын өнүктүрүү кызматы аныктайт. 

Тестирлөөнүн биринчи этабынын жыйынтыгы Борбордун расмий сайтында болжол менен 2026-жылдын 11-майында жарыяланат. Тестирлөөнүн экинчи этабы (SKILLS-TEST) алдын ала 2026-жылдын 31-майына белгиленген жана Бишкек шаарында өтөт.