Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Борбордун расмий баракчалары тууралуу эскертет

10 Август 2026
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Борбордун расмий баракчалары тууралуу эскертет

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун социалдык тармактардагы расмий баракчалары төмөнкүлөр экендигин маалымдайт:

  • Instagram@info.migrant.kg
  • Facebookinfo.migrant.kg

«migrant_kg» аталышындагы Instagram баракчасы Борбордун расмий баракчасы эмес экендигине көңүл буруңуздар. Жарандарды маалыматты Борбордун расмий маалымат булактарынан гана алууга чакырабыз.

 

Борбор үчүнчү жактардын баракчаларында жарыяланган маалыматтар үчүн жоопкерчилик тартпайт жана жарандарды текшерилбеген маалымат булактарына ишенбөөгө, ошондой эле расмий эмес аккаунттар аркылуу жеке маалыматтарын, документтерин же акча каражаттарын бербөөгө чакырат.

Ишенимдүү маалымат алуу үчүн төмөнкү байланыш каналдарына кайрылсаңыздар болот:

• Telegram: +996 559 18 99 00;
• Ишеним телефону: 1899;

 Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна төмөнкү даректер боюнча кайрылсаңыздар болот:

  • Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 237; 
  • Ош шаары, Амир-Темир көчөсү, 9А. 

Сак болуңуздар жана маалыматтын аныктыгын ар дайым текшериңиздер!