Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияда 2027-жылга сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн каттоонун жакында ачылышы жөнүндө маалымдайт

13 Август 2026
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияда 2027-жылга сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн каттоонун жакында ачылышы жөнүндө маалымдайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунда 2027-жылга сезондук айыл чарба жумуштарына орношуу программасына катышуу үчүн онлайн каттоо жакында ачыларын маалымдайт. Программа HOPS Labour Solutions Ltd (HOPS) оператору тарабынан ишке ашырылат.

 

Онлайн каттоо 2026-жылдын 17-августунда саат 12:00дө ачылып, Бишкек убактысы боюнча 20-августта саат 23:59да аяктайт.

 

migrant.kg расмий сайтына күтүлүп жаткан жогорку жүктөмгө байланыштуу HOPS каттоо системасына шилтеме Борбордун расмий социалдык баракчаларында кошумча жарыяланат:

 

  • Instagram — @info.migrant.kg ( Stories бөлүмүндө);
  • Facebook — info.migrant.kg.

 

⚠️ Көңүл буруңуздар! Маалыматты расмий булактардан гана алыңыздар. Каттоого шилтеме Борбордун расмий маалыматтык ресурстарында гана жарыяланат.

Ийгиликтүү катталуу үчүн төмөнкүлөрдү алдын ала даярдоо зарыл:

 

  • Кыргыз Республикасынын жарактуу чет өлкөгө чыгуучу паспорту;
  • Gmail электрондук почтасы (электрондук почтанын дарегинде чет өлкөгө чыгуучу паспорттогу аты-жөнү көрсөтүлүшү керек).
  • Онлайн каттоо 4 күндүн ичинде жүргүзүлөт.

 

Каттоо ачылган замат шашылыш түрдө катталууга аракет кылуунун зарылдыгы жок. Каттоо бир нече күн бою жеткиликтүү болот. Ошондуктан анкетада көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын кылдат текшерүү сунушталат. Анкетаны толтурууда кетирилген каталар талапкердин кийинки тандоо этаптарына катышуусуна таасир этиши мүмкүн.

 

Маанилүү! Онлайн каттоодон өтүү кийинки тандоо этаптарына катышууга кепилдик бербейт жана талапкердин программага кызыкдар экендигин гана билдирет.

 

Тандоонун экинчи этабынан (онлайн тестирлөөдөн) өтүү үчүн шилтеме онлайн каттоонун жыйынтыгы боюнча HOPS оператору тарабынан тандалган талапкерлерге гана жөнөтүлөт.

 

Каттоо учурунда көрсөтүлгөн электрондук почтаны, анын ичинде «Спам» папкасын, үзгүлтүксүз текшерип турууну өтүнөбүз, анткени мындан аркы бардык маалыматтар электрондук почта аркылуу гана жөнөтүлөт.

 

Талапкерлерге коюлуучу талаптар

✔ жашы — 18 жаштан жогору;

✔ орус тилин жакшы билүү;

✔ физикалык жана психологиялык абалы канааттандырарлык болушу.

 

Эмгек шарттары

💷 эмгек акы - саатына 12,71 фунт стерлинг;

⏰ кепилденген минималдуу иш убактысы - жумасына 32 саат;

💷 визанын баасы - 340 фунт стерлинг (2027-жылдын апрель айында жогорулашы мүмкүн);

✈️ авиабилеттин баасы валюта курсунан жана билеттин сатып алынган убактысынан көз каранды.

 

Маанилүү маалымат

Талапкерлерди тандоо толугу менен HOPS Labour Solutions Ltd оператору тарабынан жүргүзүлөт. Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору талапкерлерди тандоо процессине катышпайт, тандоо этаптарынан өтүү боюнча чечим кабыл албайт жана тандоонун жыйынтыгына таасир этпейт.

 

Сезондук айыл чарба жумуштары программасы боюнча ишке орношуу толугу менен акысыз жүргүзүлөт.

 

⚠️ Алдамчылардан сак болуңуздар! Акчалай сый акы үчүн жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүүнү сунуштаган адамдарга жана коммерциялык уюмдарга ишенбеңиздер.

Борбордун расмий баракчаларына жазылып, маалыматты расмий булактардан гана алыңыздар.