Жалал-Абад облусунда «Коопсуз миграция кербени» өтөт

20 Апрель 2026
Жалал-Абад облусунда «Коопсуз миграция кербени» өтөт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Жалал-Абад облусунда «Коопсуз миграция кербени» демилгесинин алкагында бир катар иш-чараларды өткөрөрүн маалымдайт.

Иш-чаралардын негизги максаты — калктын жөнгө салынбаган миграциянын тобокелдиктери тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле жарандарга чет өлкөдө коопсуз жана мыйзамдуу ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдоо болуп саналат.

Кербендин алкагында Борбордун адистери аймактын тургундары, билим берүү мекемелеринин окуучулары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт. Катышуучуларга чет өлкөдө ишке орношуу боюнча жеткиликтүү багыттар тууралуу актуалдуу маалымат берилип, программаларга катышуу шарттары түшүндүрүлөт жана кызыктырган суроолорго жооп берилет.

📍 «Коопсуз миграция кербенинин» маршруту (20–24-апрель):

 

20-апрель (дүйшөмбү) – Манас ш.

10:30–11:30 — Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, Ж.Бакиев к., 38

 

21-апрель (шейшемби) – Сузак р-ну

10:30–11:30 — №36 кесиптик лицейи, Ленин айылы 
 

22-апрель (шаршемби) – Көк-Жангак шаары

10:30–11:30 — №71 кесиптик лицейи, Завод к., 3 

14:00–15:00 — Көк-Жангак шаарынын мэриясы, Октябрдын 40 жылдыгы бульвары, 4

 

23-апрель (бейшемби) – Базар-Коргон р-ну

10:30–11:30 — №63 кесиптик лицейи, Базар-Коргон ш., Б. Осмонов к., 17
14:00–15:00 — Базар-Корон шаарынын мэриясы, К. Култаев к., 84

 

24-апрель (жума) – Ноокен р-ну

10:30–11:30 — №68 кесиптик лицейи, Арал айылы, Е.И. Басин к., 

«Коопсуз миграция кербенин» өткөрүү жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана эмгек миграциясына жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга багытталган.