- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Көңүл буруңуз! Мыйзамсыз ишке орноштуруу субъекттерин аныктоо боюнча маалыматтык рубрика /
Көңүл буруңуз! Мыйзамсыз ишке орноштуруу субъекттерин аныктоо боюнча маалыматтык рубрика
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү мыйзамсыз ишмердүүлүктү аныктоого жана анын алдын алууга багытталган маалыматтык рубриканы улантууда.
Жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында Instagram социалдык тармагында "recruting360_rabota", "Jobs.tbilisi", "fobos_kg_" жана "Unique_usa_trainee_program" аттуу аккаунттар Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөгө уюшкан түрдө ишке орноштуруу боюнча уруксат берүүчү документтери жок мыйзамсыз жарнамалык ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы аныкталды.
Борбор мыйзамсыз агенттиктер мыйзамда белгиленген жол-жоболорду сактабастан жумушка орноштурууну сунуштоо менен жарандардын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч жаратарын, ошондой эле алдамчылык схемаларды колдонушу мүмкүн экенин эскертет.
Аталган агенттиктер боюнча материалдар укук коргоо органдарга укуктук баа берүү жана колдонуудагы мыйзамдардын алкагында тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлдү.
Борбор жарандарды сак болууга жана чет өлкөгө ишке орношордон мурун агенттиктердин уруксат документтеринин бар экенин алдын ала текшерүүгө чакырат. Мыйзамдуу агенттиктер тууралуу маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна кайрылса же migrant.kg сайтындагы тизмек менен таанышса болот.
Эгерде сизде суроолор жаралган учурда же так жана ишенимдүү маалымат алуу зарылчылыгы болсо, Telegram аркылуу +996 559 18 99 00 номери боюнча кайрылсаңыз же 1899 номери аркылуу “Ишеним телефонуна” байланышып, кеп-кеңеш алсаңыз болот.
Агенттикти тандоодо тиешелүү уруксаттын жарактуулугун текшерип, анын өз ишин Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүп жаткандыгына ынаныңыз.



