«Коопсуз миграция кербени» Жалал-Абад облусунда жыйынтыкталды
24 Апрель 2026
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Жалал-Абад облусунда «Коопсуз миграция кербенин» өткөрдү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө Борбордун кызматкерлери расмий түрдө жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө актуалдуу маалыматтарды берип, чет өлкөгө чыгуу тартибин, иштөө жана жашоо шарттарын түшүндүрүп, ошондой эле жарандардын эң көп берилген суроолоруна жооп беришти. Эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, эмгек эксплуатациясынын алдын алуу жана расмий эмгек келишимдерин түзүүнүн маанилүүлүгү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.



